Бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды. Жолдогу кыймылга 2026-жылдын ноябрь айына чейин убактылуу уруксат берилет.

Ошол эле учурда, айдоочуларга жолдун айрым тилкелеринде таш кулоо коркунучу дагы деле сакталып жатканы эскертилет. Автоунаа ээлеринен ылдамдык режимин сактоо жана кооптуу болушу мүмкүн болгон тилкелерден өтүүдө өзгөчө этият болуу суранат.

Эске салсак, ноябрь айынан тарта жол кыймыл үчүн кайрадан жабылат. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында чектөөлөр кышкы мезгилде күчүндө болот. Каттамды унаалар үчүн кайрадан 2027-жылдын май айында ачуу пландалууда.