Анын айтымында, бул биримдиктеги жалпы чекене сооданын 17 пайыздан ашыгын түзөт.

«Биз бул багытта чоң потенциалды көрүп жатабыз, ошондуктан ЕЭК Коллегиясы Бажы кодексинин алкагында да, ички соода чөйрөсүндө да бул секторду эсепке алуу жана жөнгө салуу үчүн ченемдик базаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деди Данияр Иманалиев.

Ошондой эле бирдиктүү бажы транзиттик тутуму жөнүндө макулдашууга кол коюлганы, навигациялык пломбалар механизминин ишке киргизилгени жана ЕАЭБдеги процесстерди масштабдуу санариптештирүү иштери белгиленди.

Данияр Иманалиев бүгүнкү күндө 19 технологиялык платформа иштелип чыкканын жана алардын иши колдоого алынарын кошумчалады.