ИИМден белгилешкендей, бүтүрүү иш-чараларына байланыштуу мектептен тышкары кошумча кечелерди уюштурууга, фейерверк жана кооптуу каражаттарды колдонууга, ошондой эле жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбейт.

Фото ИИМдин басма сөз кызматы. Бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды

«Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Эс алуу жайлары, кафе-ресторандар, көл жээктери жана унаа жолдору көзөмөлгө алынат», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги ата-энелерди, мектеп жетекчилерин жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.