Бүгүн биз бүткүл ислам дүйнөсү менен бирге Курман айт майрамын зор кубаныч, терең руханий даярдык менен тосуп жатабыз.

Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Курман айт — кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий нарктарды, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн. Бул майрам адамзаттын дилинин тазалануусуна, бири-бирине болгон кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө жана ынтымакка чакырат. Бул күндөрү Кудай жолуна чалынган курмандыктар, тиленген бата-тилектер коомубуздагы өз ара сый-урматты арттырып, коомдук биримдикти чыңдоого кызмат кылат.

Биз — ынтымакты туу туткан, кыйынчылыкта бирге болгон улуу жана куттуу журтпуз. Биздин эң башкы байлыгыбыз — Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы.

Ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалайм. Ата Журттан сырткары, алыс-жакында жүргөн бардык мекендештерибиздин, ошондой эле өлкөбүздөгү бардык мусулман бир туугандарыбыздын жүрөктөрүнө жылуулук, дилине тынчтык орносун.

Ушул күндөрү Мекке шаарында ажылыкта жүргөн жарандарыбыздын аруу-тилектери менен ажылыгы кабыл болсун.

Жараткан кутман жергебизге ырыскы, береке, бейпилдик жана туруктуулук берсин. Элибизди бөөдө кырсыктан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын! Кыргызстаныбызда ар дайым бакубатчылык орноп, ар бир коломтодо токчулук менен молчулук өкүм сүрсүн!

Курман айт майрамыбыз маарек болсун!»