Жакындарынын айтымында, ал киши жасалган операциядан кийин эс тутумун жоготкон. Ал 25-майда саат 19:00 чамасында Бишкектеги Улуттук госпиталдан чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек.

Фото Өздүк архивден. Уркасымов Миранбек Оморович

Өзгөчө белгилери: боюу — 160 сантиметрге жакын, кара тору, башында операциядан калган тырыгы бар. Кийген кийимдери: кочкул кызыл футболка, көк пижама, байпаксыз торчо үй тапочкасы жана боз шапка.

Жакындары бул кишини көргөн, билгендер же жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0708 810002, 0706 806060.