Штабдын курамына Оюндарды даярдоого жана өткөрүүгө тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын басма сөз кызматынын кызматкерлери кирди. Штабдын негизги милдети — коомчулукту жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн иш-чаралардын жүрүшү тууралуу өз убагында, ишенимдүү жана расмий ырасталган маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.

Ошол эле учурда штабдын башкы милдети — бардык тартылган пресс-кызматтардын ишин координациялоо, логистиканы уюштуруу жана иш-чараларды ар тараптуу медиакоштоо, ошондой эле уюштуруучулар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 250 чет элдик жана 700гө жакын ата мекендик журналист аккредитациядан өттү.

ЖМК өкүлдөрүнүн саны көп болгондугуна байланыштуу алардын ишин координациялоого, маалыматты ыкчам берүүгө жана оюндарды чагылдыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Журналисттердин Оюндарды өткөрүү мезгилинде ыңгайлуу, мобилдүү жана ыкчам иштеши үчүн негизги аянтчаларда пресс-борборлор уюштурулат.

VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш күнү пресс-борбор «Бишкек Аренанын» аймагында иштейт.

Ысык-Көлдө ЖМК өкүлдөрү үчүн «Газпром» дене тарбия жана чыңдоо комплексинин базасында пресс-борбор уюштурулат. Ал эми «Кырчын» этномаданий комплексинин аймагында да өзүнчө пресс-борбор иш алып барат. Бул журналисттерге керектүү маалыматты ыкчам алууга, түздөн-түз иш-чаралар өтүп жаткан жерлерде иштөөгө жана ата мекендик, ошондой эле эл аралык аудитория үчүн материалдарды өз убагында даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Мелдештер жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде ыкчам медиа-штаб туруктуу режимде иштейт.

Кызматкерлер расмий билдирүүлөрдү, пресс-релиздерди, комментарийлерди, фото жана видеоматериалдарды даярдап, таратат, жер-жерлерде журналисттердин ишин координациялайт жана тартылган мамлекеттик органдардын пресс-кызматы менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Маанилүү багыттардын бири — маалыматтык себептерге ыкчам чара көрүү. Кырсыктар же өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда маалымат дароо чогултулуп, текшерилип жана жооптуу кызматтар менен макулдашылат. Ошондон кийин гана расмий маалыматтар ишенимдүү булактар аркылуу калкка жана ЖМКга жеткирилет.

Ошондой эле штаб Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу жалган маалыматтарды өз убагында аныктоо жана төгүндөө үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп турат.

Ыкчам медиа-штабдын түзүлүшү — Оюндардын миңдеген катышуучулары, коноктору жана көрүүчүлөрү, ошондой эле Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү мелдештерге көз салып жаткан миллиондогон адамдар расмий булактардан ыкчам жана ишенимдүү маалымат алышына багытталган.