- Криштиану Роналду изменил имидж, покрасив волосы в желтый цвет.
- Футболист играет за клуб «Аль-Наср» и сборную Португалии.
- В сезоне 2025/2026 Роналду забил 36 голов в 42 матчах.
- Контракт с клубом действует до лета 2027 года.
- Рыночная стоимость игрока оценивается в 10 миллионов долларов.
«Аль-Насрдын» чабуулчусу жана капитаны Криштиану Роналду 2026-жылы имиджин өзгөртүп, чачын байкалаарлык деңгээлде сары түскө боёп чыкты. Португалиялык чабуулчунун жаңыланган образы күйөрмандардын арасында жана социалдык тармактарда тез эле кызуу талкууланган темага айланды.
Жарыяланган кадрларда Роналду кыска кыркылган, сарыга боёлгон чачы менен тартылган. Визуалдык жактан алганда, бул анын акыркы мезгилдеги сырткы келбетиндеги эң байкаларлык өзгөрүүлөрдүн бири болгон. Буга чейин футболчу көбүнчө өзүнүн табигый коңур-кара чачы менен көрүнүп жүрчү.
Фото Интернеттен алынды. Криштиану Роналду чачын сарыга боётту
«Аль-Наср» Сауд Арабиясынын Про-Лигасынын жаңы сезонун «Аль-Фатех» менен болгон матчтан баштайт. Өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Эр-Рияддык команда лиганы жеңип алган.
2025/2026-жылкы сезондо Роналду бардык турнирлерде «Аль-Наср» жана Португалия курама командасы үчүн өткөрүлгөн 42 матчта 36 гол киргизген. Оюнчунун клуб менен учурдагы эмгек келишими 2027-жылдын жайына чейин эсептелген. Transfermarkt порталында берилген маалыматка ылайык, футболчунун базар баасы 10 миллион долларды түзөт.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий