Фото Архивден алынды. Лотериялык билет

«Powerball тарыхындагы чоңдугу боюнча сегизинчи джекпотту Иллинойсто утуп алышты. Бул штаттан сатылган бир билетте кечээ кечинде түшкөн бардык алты сан тең келди. Алар 1,04 миллиард долларлык ири утушту алышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Лотереянын эрежеси боюнча, джекпот өсүп туруучу үлүштөр менен төлөнөт. Адегенде жеңүүчү утуштун бир бөлүгүн алат, андан кийин дагы 29 жылдык төлөм берилет.

Эгерде ал утушту дароо алгысы келсе, анда салыктар төлөнгөнгө чейин алган жалпы суммасы 450,5 миллион долларды түзөт.