Окуя 12-августта Чүй проспектиндеги үйлөрдүн биринин жанында орун алган. Жерине борбордук ӨКМ башкармалыгынан беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды канализациялык кудуктан коопсуз чыгарып, Ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жарандын абалы канааттандырарлык. Медициналык жардамга муктаждык болгон эмес.