Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Маалыматка ылайык, облустагы 431 билим берүү мекемесине 17 405 тонна кара алтын керектелет. Учурда сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.
Саламаттык сактоо тармагындагы 257 мекемеге 3 038,4 тонна көмүр талап кылынат. Бул багытта тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлгөн. Учурда 80 тонна көмүр жеткирилди.
Ал эми калкты камсыз кылуу үчүн жалпы 101 миң тонна кара алтын керектелет. Район жана шаарларда көмүр сатуу боюнча 68 түйүн уюштурулуп, анын 21и муниципалдык экени айтылды.
Күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү облустук штаб тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөрү белгиленди.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий