Кабыл алууну жүргүзүп жаткан «Абитуриент онлайн» сайтында жазылгандай, экинчи тур үчүн каттоо бүгүн 9:00дө ачылды. Айлампа 22-июль, саат 14:00гө чейин уланат.

2026—2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи айлампасы 13-июлда башталган. Ал 15-июль саат 14:00гө чейин уланмак. Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу сайт ортодо иштебей калып, кабыл алуу ошол күнү 21:00гө чейин узартылган.