2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 7 миң 42 социалдык контракт түзүлдү. Долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.

«Социалдык контракт» программасы КР Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет жана өз бизнесин өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу киреше булагын түзүү аркылуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.

Башында мамлекеттик колдоонун көлөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тарта бул сумма 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Иш жүзүндө бул программанын натыйжалуулугу жогору экени көрүнүүдө: биринчи катышуучулардын ичинен 15 үй-бүлө жылдык кирешесин 1 миллион сомдон ашырууга жетишти.

Долбоордун катышуучуларынын басымдуу бөлүгүн айылдык жерлерде жашаган аялдар түзөт.

2026-жылы долбоорго 13 миң 334 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттен 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз колдоо алат.

Мындан сырткары, министрлик «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасын да ишке ашырууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, бул катышуучуларга өздөрүнүн түптөгөн бизнесин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө шарт түзүүдө.

«Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.