Жалпы сумманын ичинен регулятор 24,8 миллион долларды бүтүм түзүлгөн күнгө чегерүү менен экинчи бөлүгү болгон 161,6 миллион долларды — бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнгө чегерүү менен сатты.

Жаңы интервенциядан кийин Улуттук банк жыл башынан бери саткан чет өлкө валютасынын жалпы көлөмү 1 миллиард 472,6 миллион долларга жетти. 2026-жылдагы бардык тогуз операция доллар сатууга багытталган — регулятор валюта сатып алууну жүргүзгөн эмес.

Улуттук банк 2026-жылдагы сегизинчи интервенцияны 29-июнда өткөргөн. Анда жалпысынан 222 миллион 550 миң доллар сатылган. Регулятор аталган мезгил аралыгында жалпысынан 1 миллиард 286,2 миллион доллар саткан.

2025-жылы ал валюта сатуу боюнча сегиз интервенция жасаган. Базарда жалпысынан 853 миллион доллар сатылган. Улуттук банк сатып алуу операцияларын жүргүзгөн эмес.

2024-жылы валюта рыногунда 26 операция жүргүзгөн: анын 13ү — доллар сатып алуу (369,35 миллион) жана 13ү — сатуу (675,65 миллион) боюнча болгон.

2023-жылы КР Улуттук банкы валюта рыногунда 655,72 миллион доллар саткан.