Маалыматка ылайык, бир нече бригада этношаарчаны уюштуруу боюнча ар кандай багыттарда иш алып барууда — металл конструкцияларын орнотуу, башкы боз үй (хан боз үй) тигиле турган жерге бетон куюу, электр энергиясын тартуу, суу түтүктөрүн, канализация системасын жана тазалоочу курулмаларды куруу иштери жүрүүдө. Жалпысынан 100дөн ашык даараткана пландалган, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн да каралган. Жаңы сахна жана жаңы трибуналар орнотулат.

Ширетүүчүлөрдүн дагы бир бригадасы Бишкек шаарында иштеп жатат.

«Оюндарга даярдык кызуу жүрүүдө. Кырчындагы этношаарчанын курулушу боюнча өзүмдүн орун басарымды атайын жооптуу кылып дайындадым. Ал күнү-түнү ошол жерде нөөмөттө турат. Боз үйдө жашайт, кээде гана жуунуп алуу үчүн төмөн түшүп турат», — деди маданият министри Мирбек Мамбеталиев.

Ал уюштуруу маселелери чечилгенден кийин оюндардын ачылыш жана жабылыш аземдерине билеттер жакында сатыкка чыга баштаарын белгиледи. Билеттердин баасы азырынча тактала элек.

Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкектеги башкы спорттук аренада уюштурулса, мелдештер Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.