- Сель в Ноокенском районе произошел ночью после ливня
- Затоплено 466 дворов и 76 жилых домов
- Пострадали детский сад, мечеть, 4 кафе, 5 автосервисов и 2 автомойки
- На месте работает оперативный штаб
- Заместитель полпреда президента Исламбек Увайдуллаев провел выездное совещание
Маалыматка ылайык, сел өткөн түнү саат 2.00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан кийин жүргөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 466 короону суу каптаган. Суу 76 турак үйгө, үч жер төлөгө, бала бакчага жана мечитке кирген.
Фото Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү. Ноокен районунда сел 460тан ашык короону жана 76 үйдү каптады
Мындан тышкары, төрт коомдук тамактануучу жай, беш автосервис жана эки унаа жуучу жай жабыркаган.
Учурда жеринде ыкчам штаб иштеп жатат. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев жеринде көчмө жыйын өткөрдү.
Тиешелүү кызматтарга табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуну тездетүү, тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо тапшырылды.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий