Жердин силкинүүсү 13-июлда саат 20:42де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Фергана тоо кыркаларында жайгашкан: Макмал айылынан түштүккө карай 17 чакырым, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 25 чакырым, Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 75 чакырым аралыкта.

Жер титирөөнүн күчү Кош-Дөбө, Макмал, Кара-Дөбө, Байбиче, Таш-Көпүр айылдарында 2,5 баллды түздү.