- Кабинет министров объявил 1 сентября 2026 года выходным днем для отдельных категорий работников Бишкека.
- Решение подписано председателем кабинета министров Адылбеком Касымалиевым.
- Выходной предоставляется с сохранением среднего дневного заработка.
- Для работников непрерывного цикла оплата производится по Трудовому кодексу.
- Руководителям частных организаций рекомендовано предоставить выходной с сохранением зарплаты.
Бул документ айрым аймактардагы коомдук муктаждыктарга жана жашоо-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүнө ыкчам таасир этүүнүн жаңы механизмин апробациялоо максатында иштелип чыккан президенттин «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында даярдалган.
Документте Бишкек шаарынын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленген.
Аталган дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат;
Үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталды.
Бул токтом Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий