- Министерство культуры объявило два республиканских открытых конкурса для композиторов.
- Конкурсы: «Лучшие научные работы по музыке» и «Произведения для оркестров».
- Прием работ до 30 октября 2026 года.
- Итоги подведут в декабре 2026 года в Бишкеке.
- Победители получат денежные и специальные призы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин руханий-адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашырууга багытталган жарлыктарынын негизинде кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзуна колдоосу менен тиешелүү буйрук чыгып, төмөнкү өткөрүлө турган сынактарга жарыяланды:
1.«Музыка иликтөө боюнча мыкты эмгектер» республикалык ачык кароо-сынагы;
2. «Оркестрлер үчүн чыгармалар» республикалык ачык кароо-сынагы.
Сынактардын негизги максаты — кыргыз музыкалык искусствосунун тарыхын, теориясын жана бүгүнкү өнүгүү багыттарын изилдеген илимий эмгектерди жаратууга дем берүү, ошондой эле симфониялык, камералык, эл аспаптар жана фольклордук оркестрлер үчүн жаңы музыкалык чыгармаларды жаратууну колдоо болуп саналат.
Кароо-сынактар Министрликтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу жана Улуттук маданий борбору менен биргеликте уюштурулат.
Сынакка катышуу үчүн эмгектер 2026-жылдын 30-октябрына чейин кабыл алынат;
Музыка иликтөө эмгектери академиялык талаптарга ылайык даярдалып, электрондук жана басма түрүндө тапшырылат;
Оркестрлер үчүн чыгармалар партитурасы жана аспаптык партиялары менен бирге сунушталууга тийиш;
Сынактардын жыйынтыгы 2026-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай жана атайын сыйлыктар ыйгарылат.
Бул демилге улуттук музыкалык мурастын жаңы чыгармалар жана илимий изилдөөлөр менен толукталышына, өлкөбүздөгү жаш композиторлорду жана музыка таануучуларды колдоого, ошондой эле кыргыз профессионалдык музыкалык маданиятын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий