Мэр «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров менен жолугушуусунда учурда автобуска түшөрдө ата-энелер баланы колуна алып, колясканы бүктөп коюшу керек деген талап бар экенин эске салды. Анын айтымында, муну аткаруу дайыма эле мүмкүн боло бербейт, өзгөчө эне баласы жана жүгү менен жалгыз кетип бара жаткан учурда бул кыйынга турат.

Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкекте автобустарда балдар коляскаларын ташууга акы алынбайт

«Эгер эне баласы менен жалгыз коляскачан кирсе, анын колясканы бүктөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн. Бир колунда сумка, экинчи колунда бала», — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Талантбек Капаров өз кезегинде мэрдин суроосуна жооп берип жатып, автобустарда күн сайын балдар коляскасы менен 200гө жакын жүрүү катталаарын билдирди. Бул айына болжол менен 6 миң жүрүүнү түзөт. Айбек Жунушалиевдин пикиринде, мындай көрсөткүч башка жүргүнчүлөргө эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт.

Мындан соң мэр балдар коляскаларын ташууну акысыз кылуу боюнча тескеме даярдоону тапшырды. Ошондой эле ал Бишкек шаардык кеңеши үчүн чечимдин долбоорун иштеп чыгууну буйруду.

Мындан сырткары, Айбек Жунушалиев айдоочуларга ата-энелер менен талашып-тартышпоо керектигин түшүндүрүүнү тапшырды. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, колясканы бүктөөнү сунушташ керек. Ал эми андай мүмкүнчүлүк жок болсо, жүргүнчүлөрдү кошумча акы албастан, коляскасы менен автобуска киргизүү зарыл.