- Открыт центр цивилизационных исследований «Манас и Махабхарата» в Кыргызстане
- Эпос «Манас» впервые переведен на хинди
- Перевод выполнен индийскими учеными на основе русского поэтического переложения Мар Байджиева
- В издание вошла полная трилогия: «Манас», «Семетей», «Сейтек»
- Подписаны трехсторонние соглашения о сотрудничестве между академией, CSIR и вузами Кыргызстана
Маалыматка ылайык, жаңы борбор Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына салыштырмалуу цивилизациялык изилдөөлөр, «Манас» жана «Махабхарата» эпосторун үйрөнүү, Евразиянын маданий мурасын изилдөө, гуманитардык дипломатияны өнүктүрүү, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоо кирет.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында «Манас» эпосунун хинди тилиндеги биринчи котормосунун расмий бет ачары болду. Котормону индиялык окумуштуулар — доктор, профессор Хем Чандра Панде жана доктор, профессор Рамакант Двиведи Кыргызстандын эл жазуучусу Мар Байджиевдин орус тилиндеги поэтикалык баяндамасынын негизинде даярдашкан. Басылмага кыргыз эпосунун толук үчилтиги — «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кирген.
Мындан тышкары, академия билдиргендей, «Манас» улуттук академиясы, Эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (CSIR) жана Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
Борбордук Азиядагы Америка университети;
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети бар.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий