Анын айтымында, автопаркты ушул жылы толуктоо пландалууда, тендер буга чейин өткөрүлгөн.

«Толук жабдылган Mercedes маркасындагы 60 унаа жакында келет. Алар Бишкек шаары үчүн каралган. Мындан тышкары, дагы 90 кошумча унаага буйрутма бердик», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте аймактык саламаттыкты сактоо уюмдарына жүз кызматтык унааны тапшыруу аземи өттү.

«Негизги басымды чет жактагы аймактарга жасадык. Ушундай жол менен бул муктаждыкты жаап жатабыз. Бирок тез жардам унаалары жана жабдуулар боюнча муктаждык азырынча толук чечиле элек», — деп кошумчалады Дамир Осмонов.

Буга чейин Бишкектеги тез медициналык жардам кызматынын автопаркы өтө эскиргени маалымдалган. Унаалардын үчтөн экиси өздөрүнүн эксплуатациялык мөөнөтүнөн эки-үч эсе көп иштеп бүткөн.

Калктын санын жана шаардын жаңы чек араларын эске алганда, борбор калаанын реалдуу муктаждыгы болжол менен 150 бригаданы түзөт. Бүгүнкү күндө зарыл болгон көлөмдүн үчтөн биринен азыраагы гана иштеп жатат.