Фото 24.kg. Жумгалбек Шабданбеков, Максат Асаналиев, Малик Бектурганов

Кыргызстандын Президенти күч түзүмдөрүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу бир катар жарлыктарга кол койду.

Жумгалбек Шабданбеков башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошотулду.

УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Максат Асаналиев дайындалды. Анын талапкерлиги атайын кызматтын жетекчиси кызматына кийинчерээк дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилди.

Максат Асаналиевдин башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу, Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлдү.

Парламенттин макулдугунан кийин Максат Асаналиев УКМКны расмий түрдө жетектеп калышы мүмкүн. Конституцияга ылайык, башкы прокурор дагы Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат.