- За последние две недели во Франции из-за аномальной жары зафиксировано более тысячи смертей.
- Жара началась 20 июня, температура в некоторых регионах достигала 40 градусов.
- Большинство погибших — люди старше 65 лет.
- Аномальная жара привела к нарушениям инфраструктуры и перебоям с электроэнергией.
- Власти предупреждают, что последствия жары могут сказываться на здоровье до 10 дней после снижения температуры.
Такталган маалымат боюнча, 20-июнда башталган рекорддук ысык учурунда өлкөдө аптапка байланыштуу себептерден улам миңден ашык өлүм катталган. Айрым аймактарда абанын температурасы 40 градуска чейин жеткен.
Фото ЖМКдан. Францияда аномалдуу ысыктан миңден ашык өлүм катталды
Каза болгондордун басымдуу бөлүгү 65 жаштан ашкандар, анын үстүнө бул маалыматтар акыркысы эмес. Агенттик карылар үйлөрүнөн статистикалык маалыматтарды дагы эле күтүүдө.
Европадагы аномалдуу ысык инфраструктуранын бузулушуна жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына да алып келди. Францияда ысыктын негизги толкуну артта калды, бирок өлкөнүн түндүк-чыгышында эскертүүлөр дагы эле күчүндө. Бийлик өкүлдөрү аптаптын терс кесепеттери температура төмөндөгөндөн кийин дагы 10 күнгө чейин адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Буга чейин Европадагы азыркы аномалдуу ысык метеорологиялык байкоолордун бүткүл тарыхында аймак үчүн эң күчтүүсү болгону кабарланган.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий