Плей-офф оюндары ушул эле жекшемби күнү кечинде башталат. Жарыштан четтетүү тутумундагы алгачкы оюн Канада жана Түштүк Африка Республикасы курама командаларынын ортосунда өтөт.

Бул дүйнө чемпионатында плей-оффко Африканын тогуз өлкөсү чыкты. Алардын ичинен бешөө алгачкы жолу (Конго ДР, Египет, Кабо-Верде, Кот-дʼИвуар жана ТАР). Ошондой эле 1/16 финалда Алжир, Гана, Марокко жана Сенегал ойношот. Тайпалык этаптан өтпөй калган жалгыз африкалык өлкө Тунис болду.

Тайпалык этаптын эң мыкты бомбардири алты топ киргизген аргентиналык Лионель Месси болду. Ал Алжир менен болгон беттеште хет-трик жасап, Австрия менен болгон оюнда дубль жасаган жана Иорданиянын дарбазасына бир топ киргизген.

Килиан Мбаппе, Усман Дембеле (экөө тең — Франция), Винисиус Жуниор (Бразилия) жана Эрлинг Холандда (Норвегия) төрттөн гол бар.

Футбол боюнча 2026-жылдагы Д үйнө чемпионаттынын плей-офф 1/16 финалынын матчтарынын ырааттамысы:

29-июнь, 23:30 Германия — Парагвай;

30-июнь, 4:00 Нидерланды — Марокко;

30-июнь, 20:00 Кот-д’Ивуар — Норвегия;

2-июль, 3:00 АКШ — Босния жана Герцеговина;

3-июль, 2:00 Португалия — Хорватия;

4-июль, 1:00 Аргентина — Кабо-Верде;