Абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент Online» онлайн-платформасында өтөт. Ал эми башка мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу үчүн Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору ишке киргизилди.

Айнура Исиралиева 2026-жылдан тарта 11-класстан кийин колледждерге кабыл алуу дагы ЖРТнын жыйынтыгы менен жүрөрүн эскертти.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү колледждерге негизги жалпы билими тууралуу күбөлүк менен тапшыра алышат.

Орто кесиптик окуу жайларына (колледждерге) кабыл алууну 6-июлдан тартып баштоо пландалууда.