Аталган олимпиадага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын окуучулары катышты. Тандоо этабына 3000ден ашуун окуучу катышып, алардын ичинен 6—7-класстардын 106 окуучусу финалдык баскычка жолдомо алган.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын ийгилиги:
Зарылбеков Нурислам — Бишкек шаарындагы № 70 мектептин 7-классынын окуучусу, коло медаль;
Матиев Байаман — Ош шаарындагы Купуев академиясынын 7-классынын окуучусу, коло медаль;
Сайпидинов Умар — «Акылман» президенттик лицейинин 7-классынын окуучусу, коло медаль;
Команданын жетекчиси — Айбар Аманов.
Команданын машыктыруучулары: Мамат Ишматов, Шумкарбек Абдураимов, Бекжол Жолдубай уулу, Айдин Асанкадыров, Нурсултан Эшперов, Назар Киргизбаев.
Эске салсак, Кыргызстан профессор Шалтай Смагулов атындагы олимпиадага 2018-жылдан бери активдүү катышып келет.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий