Алардын айтымында, 2021-2022-жылдары мындай фактылар катталган эмес, анткени ал кезде шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттары дээрлик жок болчу.

Жыйында төмөнкүдөй статистикалык маалыматтар келтирилди:

2023-жылы: ЖМКлардын катышуусунда 77 жол кырсыгы катталып, 89 адам жабыркаган;

2024-жылы: 100 факт катталып, 105 адам жабыркаган;

2025-жылы: 70 факт катталып, 1 адам каза болгон, 79 адам жабыркаган;

2026-жылдын 5 айында: 11 факт катталып, 12 адам жабыркаган.

Депутат Рысбай Аматов дагы самокаттардан жабыркап, Клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылгандардын статистикасын сунуштады. Анын маалыматы боюнча:

2026-жылдын 5 айында — 25 адам ооруканага жаткырылган.

Жыйында белгиленгендей, электросамокаттардын ылдамдыгы саатына 15 километрге чейин чектелгенден кийин, шаарда аларды колдонуучулардын саны, ага жараша ЖМКлардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны да азайган.