«75-кат». Күч түзүмдөрү кылмыш ишинин фигуранттары суракка алынган видеону ким жана кантип таратып жибергенин билишпейт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов мурунку жогорку кызматтагы аткаминерлер фигурант болгон чуулгандуу кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Айыпталуучулардын үстүнөн сот процесси башталгандан кийин, тармакта «75-иш» деп аталган кылмыштын фигуранттары суракка алынган видеожазуулар пайда болду.

Султан Макилов, ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси:

- 75 аксакалдын кылмыш иши боюнча сот процесси буга чейин жабык режимде өтүп, купуялуулук сакталган эле. Бирок акыркы соттук отурумдан кийин Камчыбек Ташиевдин тергөө маалындагы видеолору социалдык тармактарга тарап кетти. Бул атайын уюштурулган компроматтык кампания эмеспи?

- Алгач соттук териштирүү жабык режимде жүргүзүлүп жаткан. Мындай чечим тергөөнүн кызыкчылыктарын камсыздоо жана күбө катары көрсөтмө берген адамдардын коопсуздугун коргоо максатында кабыл алынган. Бирок кийин соттолуучулар, анын ичинде Камчыбек Ташиев өзү тарабынан сот процессин ачык өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Нурланбек Шакиев менен Курманкул Зулушев дагы ушундай эле талапты коюшкан. Алар коомчулуктун катышуусу менен ачык соттук кароону камсыздоону суранышкан. Бирок сот биринчи жолкусунда алардын өтүнүчүн четке каккан болчу. Андан кийинки сот отурумдарында дагы кайра-кайра сот ачык өтсүн деген талапты коё беришти.

Сот экинчи жолку өтүнүчтөрүн канааттандырып, иш боюнча мурдагы купуялуулук режими алынып калды. Натыйжада соттук процесске байланышкан маалыматтар ачык мүнөзгө өттү. Мындан ары баары ачык болот. Себеби, соттолуучулар өздөрү ачык болсун дешти.

Ал эми тергөө маалында тартылган видеолордун социалдык тармактарга тарашы атайын уюштурулган аракет же кандайдыр бир саясий максатты көздөгөн кадам катары каралбашы керек. Бул маселеге саясат аралаштырылбашы керек деп эсептейбиз.

Тергөө учурунда тергөөчүнүн чечими менен видео материалдар тартыла берет. Бирок кайдан кантип чыгып кеткенин билбейм