Бишкек шаарында 22 миңге жакын бала окууга кирди. Анын ичинен 11,4 миң орун кыргыз тилинде окутуучу класстарга, 10,4 миңден ашыгы орус тилиндеги класстарга таандык. Борбор калаада дагы 4,5 миң бош орун бар.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квоталардын жалпы саны — 192,3 миң. Анын ичинен 82 миң орун бош турат.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап кичи райондор боюнча жүргүзүлсө, учурда катталган дарегине карабастан, бош орундар калган мектептерге катталууга мүмкүнчүлүк бар.

Биринчи класска 2019- жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.