Маалыматка ылайык, биринчи агымга Бишкек шаарынан, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген балдар кирди. Министр Канат Сагынбаев 10-июнда балдардын жөнөтүлүшүн жеке көзөмөлүнө алды.

Фото Эмгек министрлиги. «Алтын балалык» борборуна жайкы эс алууга 375 бала жөнөтүлдү

Программанын алкагында жалпысынан 11 этап уюштурулуп, 800 баланы камтуу пландалууда. Ар бир этапта майыптыгы бар балдардын катышуусу каралган. Бул программа калктын аялуу катмарындагы балдардын ден соолугун чыңдоого, алардын толук кандуу эс алуусун уюштурууга жана социалдык интеграциясы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

«Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, майыптыгы бар балдардын, жетим балдардын, камкордукка алынган балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон өспүрүмдөрдүн эс алуусун жана ден соолугун чыңдоосун уюштуруп келет. Ар бир баланын жайкы каникулду кызыктуу, ден соолукка пайдалуу жана коопсуз шарттарда өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алуусу биз үчүн абдан маанилүү», — деди Канат Сагынбаев.