Маалыматка ылайык, Тажикстандан Баткен облусу аркылуу Өзбекстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташып жүргөн уюшкан топтун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Тинтүү учурунда унаанын ичинен өзгөчө жыты бар зат салынган 10 таңгак табылган. Соттук-химиялык экспертиза алынган зат баңги каражаты — гашиш экенин тастыктады. Баңгизаттын жалпы салмагы 9 килограмм 908 граммды түздү.

Фото ИИМдин басма сөз кызматы. Баткенде милиция ири өлчөмдөгү баңгизат ташуу жолуна бөгөт койду

Кармалган жаран Баткен районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.С. аттуу жаран болуп чыкты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.