«Бирок бул дайыма эле өзүн актай бербейт. Маселен, Таласта аянты 1,2 миң чарчы метрди түзгөн мектеп бар, анда 250 окуучу окуйт. Ал жерде 20 класс бар, ал эми оңдоп-түзөөгө болгону 80 миң сом бөлүнгөн. Мындай аз суммага кандай оңдоо иштерин жүргүзүүгө болот? Каражатты мектептин аянтынын көлөмүнө жараша бөлүү максатка ылайыктуу. Айрымдар оңдоо иштерине жардам берет деп жергиликтүү айыл өкмөттөргө үмүт артышат. Бирок алар өздөрү дотацияда отурушат, мындай маселелерди системалуу түрдө чечүү керек», — деп эсептейт Бакыт Чойбеков.
Ал ошондой эле оңдоо иштерине көп учурда ата-энелер тартыларын, бул дагы туура эмес экенин кошумчалады.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий