«Пари Сен-Жермен» — Европанын эң абройлуу клубдук мелдешинин азыркы чемпиону. Өткөн жылы алар финалда италиялык «Интерди» 5:0 эсебинде талкалап, бул титулду өз тарыхында биринчи жолу багындырган.

Бул жолу «Арсенал» менен болгон беттеш ПСЖ үчүн алда канча оор болду — негизги жана кошумча убакытта курч күрөш жүрдү.

«Пари Сен-Жермен» XXI кылымда Чемпиондор лигасын катарынан эки сезон бою утуп алган экинчи команда болуп калды. Буга чейин мындай ийгиликке 2016—2018-жылдары трофейди катары менен үч жолу багындырган мадриддик «Реал» гана жетишкен.