Жаңы технология «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББнын алдындагы «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген.

Аталган комплекс төмөнкү эреже бузууларды адамдын катышуусуз, автоматтык түрдө каттайт:

белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо;

айдоочунун же жүргүнчүнүн коопсуздук курун тагынбаганын;

руль башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү же пайдалануу;

«Мындай заманбап технологияларды колдонуу айдоочуларды жазалоо эмес, биринчи кезекте алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жолдордогу адам өлүмү менен коштолгон кырсыктарды азайтуу жана жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат.

Жаңы программалык-аппараттык комплекстер 2026-жылдын 1-июнунан тартып республиканын бардык аймактарында иш режимине киргизилет. Бул тутум жолдордогу ачык-айкындуулукту жана тартипти камсыз кылууга шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.