- Директор Национального исторического музея Жылдыз Бакашова покинула пост в связи с переходом на новую должность
- За четыре года работы реализовано 31 грантовый проект, проведена цифровизация
- Укреплено сотрудничество с международными организациями
- Новый руководитель пока не представлен коллективу
- Предположительно, пост займет Назгүл Өмүрзакова
Музейден билдиришкендей, ал мекемедеги төрт жылдык ишмердүүлүгүндө аткарылган иштердин отчетун сунуштады.
Жылдыз Бакашованын айтымында, бул убакыт ичинде 31 гранттык долбоор ишке ашырылып, санариптештирүү жүргүзүлгөн. Эл аралык уюмдар менен кызматташтык чыңдалып, ар кандай акциялар жана иш-чаралар өткөрүлгөн.
Музейдин эмгек жамааты жана кесиптик бирлиги ага жаңы кызматында ийгиликтерди каалашты. Ал эми Маданият министрлигинен 24.kg басылмасына билдиришкендей, жаңы жетекчи жамаатка азырынча тааныштырыла элек.
Айрым маалыматтарга караганда, музейдин директорлук кызматын Түрк маданияты жана мурасы фондунун эксперт-изилдөөчүсү Назгүл Өмүрзакова ээлеши мүмкүн.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий