Ведомствонун маалыматы ылайык, 26-майдан 30-майга чейин Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 75-чакырымынан 90-чакырымына чейинки тилкесинде, анын ичинде Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаашы, кар көчкү коркунучу жана жолдор тайгак болушу күтүлүүдө.

Кооптуу тилке деңиз деңгээлинен 3 миң 400 метрден 3 миң 900 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Аба ырайынын начарлашына жаан-чачын жана абанын температурасынын жогорулашы себеп болот.

Куткаруучулар тоо этектеринде кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин, ал эми түн ичинде жолдо тоңголок пайда болорун эскертишти. Айдоочуларды өтө этият болууга жана унаалардын ортосундагы 500 метрден кем эмес аралыкты сактоого чакырышты.