Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, делегациянын АКШнын Вашингтон шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү каралды.