Бишкекте жаңы 20 мектеп курулууда: Курулуш министри иштерди тездетүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объекттерин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.