Ноокатта жер семирткич чыгаруучу завод сыноодон өткөрүлдү
2026-жылдын 18-июнь күнү Ош областынын Ноокат районунда жайгашкан жер семиркич чыгаруучу завод эксплуатацияга берилгенге чейинки соңку сыноодон өткөрүлдү. Ошентип гумин негизиндеги аралаш жер семирткичтерди чыгаруу боюнча кубаттуулугу жылына 100 миң тоннага чейин жете турган завод расмий пайдаланууга берилгенге чейин чийки заттардан продукция өндүрүп, алгачкы продукциясын даярдап көрдү.