Быйыл Кыргызстандын ИДПсы 781,1 миллиард сомго жетти
2026-жылдын январь — май айларынын жыйынтыгы боюнча, алдын ала баалоо боюнча ички дүң өнүмдүн (ИДП) көлөмү 781 миллиард 61,4 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь — май айларына салыштырмалуу 12,2 пайызга өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.