Кыргызстанда бир суткада экинчи жер титирөө катталды
Ош облусунда сейсмикалык активдүүлүк катталды. Жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 11:36да болгонун Сейсмология институтунан билдиришти.
Ош облусунда сейсмикалык активдүүлүк катталды. Жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 11:36да болгонун Сейсмология институтунан билдиришти.
Кыргызстанда социалдык камсыздоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандыктар пландуу эмдөөдөн баш тартууну кыскартууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, КРнын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Кыргызстанда бүгүн, 21-апрелде саат 9.17де жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын катарында блокадачылар жана концлагердин туткундары бар. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен 8 ардагер согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.
20—25-апрелде өлкө аймагында жаан жаашы жана тоолуу аймактарда абанын температурасынын жогорулашы күтүлүп жаткандыктан, айрым аймактарда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик үлгүдөгү 12 PhD диплом тапшырылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандагы турак жай курулушунун көлөмү бир топ өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жалпы аянты 484 миң 200 чарчы метр болгон 4461 турак жай пайдаланууга берилген. Бул 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 15,6 пайызга жогору.
VI эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалы 29-майдан 8-июнга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн, 29-майда Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү максатында 2026-жылга республикалык бюджеттен 50 миллион сом каралган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызстанда 1-июндан тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы заманбап программалык-аппараттык комплекстер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кыргызстанда 31-майда биринчи класска электрондук каттоонун биринчи этабы аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Кыргызстанда абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) биринчи этабы башталды. Жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын билим деңгээлин аныктоого багытталган жараян 23-майга чейин уланат.
Кыргызстанда 17-майдан 22-майга чейин Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кыргызстанда кимдер кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул ала аларын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түшүндүрүп берди.