Быйылкы үч айда кыргыз балынын экспорту 78 тоннага өстү
2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан жалпы суммасы 37,3 миллион сомду же 426,6 миң долларды түзгөн 152,8 тонна бал экспорттолду. Бул көрсөткүч тышкы рыноктордо ата мекендик балга болгон суроо-талаптын өсүп жатканынан жана кыргызстандык аарычылардын экспорттук дараметинин кеңейгенинен кабар берет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.