Оливье салатын жешкен. Бишкекте массалык уулануу катталды
Бишкекте «Арча-Бешик» конушундагы медреселердин бирине баргандан кийин тамак-ашка уулануу белгилери менен 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.