«Ак-Тилек — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 150 жүк ташуучу унаа топтолду
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Баткен районунун Согмент айылында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгына караштуу «Чарбак» чек ара заставасынын «Согмент» чек ара постунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарындагы табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү улантууда.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторундагы шайлоочулардын санын көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу БШКнын башчысы Тынчтык Шайназаров бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин бүгүн, 21-апрелдеги жыйынында депутаттар «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерди текшерди.
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзинь-Уйгур автономиялуу районунун Или-Казак автономиялуу округуна караштуу Кулжа шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны О. К. каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда селден келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Кумтөр» кен аймагында биринчи жолу Тянь-Шань ак тырмактуу аюусу катталды. Бул күрөң аюунун сейрек кездешүүчү түрү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген.
Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астана шаарында уюштурулган санариптик жетишкендиктердин өлкөлүк көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жеке ишкер Р.Ч. 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусунда болуп, өзүнө карата кыйноо колдонулганын айтып берди жана укуктарын коргоону суранды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аскер кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктады.
Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын «Чек ара талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясын консенсус менен кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.